♦️ Кыргыз Республикасынын Президентинин руханий жана адеп-ахлактык өнүгүү, улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик тууралуу Жарлыктарына, ошондой эле 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз — Өзбек Эл аралык университетинин окумуштууларынын катышуусунда ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда өзгөчө илимий иш-чара өттү.
🔷 Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган “Адабият – нарктуулуктун, улуулуктун башаты” аттуу жумалыктын алкагында КӨЭАУнун Магистратура бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Тилекова “Мектепте чыгыш адабиятынын үлгүлөрүн окутуу” темасында, ал эми Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Г.Усарова өз багыты боюнча мазмундуу сабак өтүп беришти.
♦️Лекциялар жандуу талкуулар менен коштолуп, студенттердин кызыгуусун арттырды. Катышуучулар суроолорун активдүү берип, пайдалуу идеялар менен пикирлер айтылды.
🎉 Иш-чара соңунда лекторлорго уюштуруучулар тарабынан Ыраазычылык каттары жана сертификаттар тапшырылды.
✨ Адабият — ыйман менен билимдин башаты демекчи, келечек муундун руханий дүйнөсүнө салым кошкон окутуучуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!
📸 Коммуникация жана медиа департаменти