♦️Магистратура бөлүмүнүн педагогика багыты жана кыргыз тили жана адабияты профилинин магистранттары Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” жана “Уңгу жолу” Жарлыктарына ылайык, ошондой эле 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Адабият – нарктуулуктун, улуулуктун башаты” аталышындагы жумалыктын алкагында уюштурулган төгөрөк столго жигердүү катышышты.
🗣️ “Мектептерде кыргыз адабиятын окутуу: жетишкендиктери жана көйгөйлөрү” темасындагы талкууда КӨЭАУнун ФО(КЯ)м-1-25 тайпасынын магистранты Рысбек кызы Бурулча “Мектепте кыргыз тилин жана адабиятын окутуудагы көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору” деген темада, ал эми ПМНОм-1-24 тайпасынын магистранты Садирали кызы Айгерим “Эне тил сабагында сөздүк иштеринин түрлөрү жана усулдары” деген темада мазмундуу баяндама жасап, кызыктуу талкууларды жаратышты жана атайын сертификаттарга ээ болушту.
♦️ Иш-чарага мектеп мугалимдери да активдүү катышып, жыйынтыгында маанилүү сунуштар жана чечимдер кабыл алынды.
♦️Эскерте кетсек, төгөрөк стол ОшМУнун филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.
✨ Мындай илимий аянтчалар келечектеги мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө жана улуттук баалуулуктарды даңазалоого чоң салым кошот!
📸 Коммуникация жана медиа департаменти