МАГИСТРАТУРА — профессионалдуулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

         МАГИСТРАТУРА  —

профессионалдуулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

  

                                           “МАГИСТР” — академиялык даражасынын

                                                  АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Магистр мекеме-ишканаларда жогору айлыктуу вакансиялык орунду ээлей алат;
  • Окуу графиги магистранттын иштеген иши менен биргеликте жүргүзүлөт;
  • Магистр — илимге кызыккан жаштарга илимий изилдөө ишине жол ачат, б.а., аспирантурада, докторантурада олуттуу изилдөөгө түрткү болот;
  • Магистр — ЖОЖдо, колледждерде окутуучу болуп иштей алат;
  • Кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү кеңейип, карьералык ийгиликке жетет.

 

                                             Магистранттын мүмкүнчүлүктөрү:

  • Илимий жетекчисин жана илимий темасын өзү тандоо укугуна ээ, өзү кызыккан илимий теманын үстүндө иштей алат;
  • Негизги иши менен магистратурадагы окуу процессин бирге алып кете алат;
  • Өз алдынча иштөө үчүн бөлүнгөн көлөмдүү убакыт;
  • Профессордук-окутуучулук курам менен 100%  биргеликте иш алып баруу;
  • Суткасына 24 саат бою жеткиликтүү окуу материалы;

Терең билимге жана кесиптик компетенцияга ээ болуу үчүн түзүлгөн шарттар:

  • Магистрлерди даярдоо программалары КРнын мамлекеттик жогорку билим берүү стандарттарынын талабына ылайык келет;
  • Илимий окуу залы, электрондук китепкана;
  • Заманбап жабдылган аудиториялар жана лабораториялар;
  • Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды ачуу үчүн мугалимдердин жогорку профессионалдуу жана инновациялык-изденгич мамилелери;
  • Кыргызстандын алдыңкы мекеме-ишканаларындагы илимий-практикалар;
  • Кыргызстандын чегинде жана тышкары иш-берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдер;

 

                                                           Окуу формасы:

Күндүзгү — күн сайын: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума — 17.00дөн 20.20га чейинБардык багыттар боюнча окуу меенету 2 жыл;Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында сабактардын башталышы.Семестр – 16 жума жана 2 жума сессия; Жылына 2 семестр.

 

Б.Сыдыков атындагы  КӨЭАУнун магистратурасына абитуриенттер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

• магистратураны көрсөтүү менен КӨЭАУнун ректорунун атына жазылган жеке арыз;• университет менен бакалавриатка тапшыруучунун ортосундагы келишим;• өздүгүн жана жарандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү;• жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (бакалавр же адис) тиркемеси менен (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);• корутунду;• каттоо күбөлүгүнүн же аскердик билетинин көчүрмөсү;• 3×4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт.