
Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулган “Адабият – нарктуулуктун, улуулуктун башаты” аттуу жумалыктын алкагында КӨЭАУнун Магистратура бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Н.Тилекова “Мектепте чыгыш адабиятынын үлгүлөрүн окутуу” темасында, ал эми Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Г.Усарова өз багыты боюнча мазмундуу сабак өтүп беришти.