Кыргызский язык и литература

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объектилери:

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин багыты 550300 “Филологиялык билим берүү” багыты боюнча объектилерден болуп төмөнкүлөр эсептелишет:

  • тилдер (ата-мекендик жана чет тилдери) алардын теоретикалык жана практикалык, синхрондук, диахрондук, социомаданий жана диалектологиялык аспектилеринде;
  • көркөм адабият (ата- мекендик жана чет элдик) жана элдик оозеки чыгармачылык алардын тарыхый жана теоретикалык аспектилеринде түрдүү өлкөлөрдө жана региондордо жашоо мыйзам ченемдерин эсепке алуу менен;
  • тексттердин түрдүү типтери – жазма, оозеки жана виртуалдык (гипертексттерди жана мультимедиялык объектилердин тексттик элементтери менен;)
  • оозеки жана жазма коммуникация.
Магистрдин кесиптик иштеринин түрлөрү:
— илимий-изилдөөчүлүк илимий, илимий – педагогикалык ж.б. мекемелерде;

— педагогикалык жогорку кесиптик билим берүү системасында;

—  колдонмо (котормочулук, редакторлук, эксперттик ж.б.) билим берүү, маданият, башкаруу, ММК мекемелеринде; тилдик жана социомаданий коммуникация тармагында жана социалдык – гуманитардык ишмердүүлүктүн башка тармактарында;

— долбоордук ишмердүүлүк билим берүүчү жана маданий агартуучу мекемелерде, адабий жана адабий көркөм музейлерде, социалдык  — педагогикалык, гуманитардык уюштуруучулук, китеп басып чыгаруу, массмедиялык жана коммуникативдик чөйрөлөрдө;

— уюштуруучулук-башкаруучулук жогоруда саналган баардык чөйрөлөрдө.

Негизинен бүтүрүүчү даярдалып жаткан кесиптик иштин конкреттүү түрлөрү кызыкдар иш берүүчүлөр менен бирдикте жогорку окуу жайы тарабынан иштелип чыгылчу анын билим берүү программасынын мазмунун аныкташы керек.

Абитуриенттерге коюлуучу талаптар:

Магистр академиялык даражасына ээ болуу үчүн жогорку кесиптик билим алууга талапкер болгон абитуриенттин билим деңгээли – бакалавр даражасы, же жогорку кесиптик билим.

Абитуриенттин бакалавр (жогорку кесиптик билими) жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документи болушу керек.

Магистратуранын темалары:
Профессордук-окутуучулук курам :
ОКУТУУЧУНУН АТЫ-ЖӨНҮ ДИСЦИПЛИНАЛАРДЫН АТАЛЫШЫ Окуу жүктөмүнө ылайык жалпы сааттардын саны (аудитордук + башка сааттар): Учурдагы окуу жылындагы аудиториялык сааттар Окутуучулардын ставкасы
Исмаилова Бактыгүл Таштемировна
ф.и.к., доцент
1.Филологиялык билим берүүнүн учурдагы маселелери
2. Когнитивдик лингвистика
3. Илимий-изилдөө практикасы
4. Илимий-педагогикалык практика
5. Магистрдик иш
Тилекова Назира Дүйшөбаевнап.и.к., доцент 1. Фольклордун теориясы жана тарыхы2. Дүйнө элдеринин эпикалык поэзиясы3. Кептик коммуникациянын теориясы4. Илимий-изилдөө практикасы5. Илимий-педагогикалык практика6. Магистрдик иш
3. Сарыков Сыргак Токтосуновичф.и.к., доцент 1. Билим берүүнүн азыркы проблемасы2. Котормо жана котормо таануу3. Адабият теориясы4. Илимий-изилдөө практикасы5. Илимий-педагогикалык практика6. Магистрдик иш
      4. Эшманова Сажида Канатовнаф.и.к., доцент 1. Тексттин теориясы жана дискурс2. Тил илиминин теориясы3.Лингвистиканын тарыхы жана теориясы 4. Илимий-изилдөө практикасы5. Илимий-педагогикалык практика6. Магистрдик иш
5. Усарова Гулбахор Орунбаевнап.и.к., доцент 1. Илимий изилдөөнүн методу жана методологиясы2. Илимий-изилдөө практикасы3. Илимий-педагогикалык практика5. Магистрдик иш
6. Жусуева Сюита Калмаматовнаф.и.к., доцент 1. Жогорку кесиптик билим берүүнүн технологиясы2. Азыркы адабият таануунун негизги маселелери3. Айтматовтаануу4. Илимий-изилдөө практикасы5. Магистрдик иш6. Илимий-педагогикалык практика
7. Алибекова Өмүркан Балтабаевнаага окутуучу 1. Этимологиянын негиздери2. Илимий-изилдөө практикасы3. Илимий-педагогикалык практика 4. Магистрдик иш
8 Балтабаева Аида Тынайбековнаф.и.д., профессор Билим берүүнүн философиялык проблемалары
9 Жусупова Данагүлдоцент Жусупова Данагүл Иштиктүү англис тили
10 Айтышева Жаңылай Токтосуновнап.и.к. Билим берүүнүн псхологиясы

 

Кесиптик-базалык практика :
  • Илимий ишке тиешелүү маалыматтарды, илимий теманын мазмунун, максатын, милдеттерин, жоболорун, теориялык баалуулугун, изилдөө обьектисин, предметин билет;
  • Илимий ишке коюлуучу талаптарды аткаруу менен, илимий ишинде адабияттарды пайдаланып, шилтемелерди бере алат, мисалдарды талдай алат, топтогон маалыматтарына анализ жасай алат, ык-методдорун колдонуп илимий ишине талдоо жүргүзө алат;

— илимий ишине тиешелүү монографияларды, макалалаларды, окуу куралдарын колдонуп өз алдынча доклад, макала жазуу жөндөмүнө жана өз алдынча магистрдик диссертациясын жазуу көндүмүнө ээ болот.

КК-4, КК-6, КК-7, КК-17, КК-21

Магистранттын диссертациялык ишине талаптар :

Диссертациялык иш жаздыруу — бүтүрүүчүлөрдүн өз адистиги боюнча университеттин магистратурасында окуган мезгилдеги алган билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерип-баалоонун бир формасы.

Магистердик диссертацияны бүтүрүүчүлөрдүн баары жазууга милдеттүү. Ошондой эле магистрант диссертациялык иштин темасын жетекчи менен макулдашуу, келишүү аркылуу гана тандап алат (Теманын  актуалдуулугу, адистикке дал келиши, тематикасы ж.б маселелерге толугу менен илимий жетекчи жооптуу).

Окуу жайда антиплагиат системасы түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөр диссертациялык ишинин оргиналдуулугун текшерип, справка алган соң, ал ишке тиркелип коргоого уруксат алат.

Диссертациялык иш иштетүү бир нече максаттарды  көздөйт:

— бүтүрүүчүлөрдүн алып жаткан адистиги боюнча билим деңгээлин  баалоо;

— илимий ой-жүгүртүүсүнүн, жазуу кебинин (речинин) өнүгүү, жазуу стилинин калыптануу абалын аныктоо;

— илимий-педагогикалык, илимий-өндүрүштүк изилдөө иштерин жүргүзүүгө даярдыгын, мүмкүнчүлүгүн тактоо;

— орфографиялык сабаттуулугун, стилистикалык көндүмдөрүн  өркүндөтүү, текшерүү ж.б.

Бул багыттагы иштин жазылышы жана корголушу аркылуу бүтүрүүчүнүн белгилүү адистик боюнча алган билимдеринин жыйынтыгы гана катары бааланбасан, ага адистикти ыйгаруу, артыкчылык дипломун берүү, илимий ишин улантууну сунуштоо ж.б. маанилүү маселелер да чечилет.

Диссертациялык иш жазууга милдеттенип, бирок аны талапка жооп бергидей деңгээлде аткарбай же коргой албай калган бүтүрүүчүгө жогорку окуу жайынын  окуу программасын толук аткарбаган магистрант  катары тиешелүү адистик берилбейт, ал бир жылдан кийин кайра келип  адистик алуу сынагынан (квалификациялык иш жазуу, экзамен тапшыруу ж.б.) өтүүгө милдетүү болуп калат.

Диссертациялык иш бүтүрүүчүгө  илимий жетекчинин кеңеши, багыт берүүсү менен өз алдынча иштелген алгачкы илимий-изилдөө иши болуп саналат. Ошондуктан мындай иштердеги изилдөөнүн темасы, объектиси, предмети жана максаты, структурасы, методикалык негизи алдын-ала аныкталган болууга тийиш. Бул иштер илимий жетекчинин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылат. Диссертациялык ишке жетекчилик кылуу кафедранын тажрыйбалуу мүчөлөрүнө, окумуштуулук даражалары, илимий наамдары бар окутуучуларына тапшырылат. Иш бүтүрүүчү тарабынан жетекчинин кеңеш-сунушуна таянуу менен өз алдынча иштелет. Ишти аткаруу процесси, бүтүшү, коргоого даярдыгы кафедранын жыйынында бир нече жолу талкууланууга тийиш. Бардык талкууларга квалификациялык ишти аткаруучулар жана жетекчилер милдеттүү түрдө катышышат.

НББПнын окутуу натыйжалары төмөнкүлөр:
 

НББПнын окутуу натыйжалары

1-ОН: Филологиялык багытта изилдөөнүн заманбап методологияларын жана инновациялык маалымат технологияларын пайдаланып, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын жалпылоо, талдоо өз алдынча изилдөө жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болот.
2-ОН: Баарлашуунун түрдүү сферасында ишмердүүлүгүн жүргүзө алат жана коммуникативдик маселелерди коюуга, чечүүгө жөндөмдүү.
3-ОН: Түрдүү билим берүү мекемелеринде окутуунун заманбап технологияларын пайдаланып педагогикалык ишмердүүлүгүн жүргүзө алат;
4-ОН: Кесиптик ишмердүүлүгүндө өзүнүн интеллектуалдык деңгээлин өркүндөтө алат жана ишмердүүлүктүн багытын өзгөртүүгө адаптациялана алат.
Илимий-изилдөө практикасы:

Илимий иштерди (илимий тезис, илимий макала, магистрдик диссертация ж.б.) жазуунун ык-амалдарын, жол-жоболорун, методдорун үйрөнүү менен илимий ишке коюлуучу талаптарды, илимий адабияттар менен иштөөнү, илимий анализдөөнү, илимий изилдөөнүн натыйжаларын жалпылоого жана талдоого көнүктүрүү болуп саналат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин милдеттери :

(кызыкдар иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен иштелип чыгат).

Магистрдин кесиптик ишмердүүлүгүнүн милдеттери:

Филологиялык билим берүүнүн магистри кесиптик ишмердүүлүгү жана профилдик даярдыгынын түрүнө ылайык төмөнкү кексиптик маселелерди чечүүгө милдеттүү.

а) илимий — изилдөөчүлүк  ишмердүүлүк:

— филология жана башка гуманитардык илимдердин чөйрөсүндө өзүнүн илимий изилдөөсү үчүн теориялык жанан практикалык билимдерин өз алдынча толуктоо, сынчыл талдоо жана колдонуу;

— тилдин системасын жана негизги мыйзам ченемдерин, фольклордун жана адабияттын функциялануусунун негизги мыйзам ченемдерин синхрондук жана диахрондук аспектилерде өз алдынча;

— заманбап методикаларды жана методологияларды колдонуу менен адистер аткарган ата-мекендик жана чет элдик илимий изилдөөлөрдү квалификациялуу талдоо, комментирлөө, реферирлөө жана жыйынтыктарын жалпылоо;

б) педагогикалык ишмердүүлүк:

— тексттерин түрдүү типтерин квалификациялуу интерпретациялоо, анын ичинде алардын маанисин жана алар жаратылган доор менен байланышын ачуу, тилдик жана маданий материалдарды филологиялык билимдерди окутуу жана жайылтууну камсыздоо үчүн талдоо;

— жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде филологиялык  дисциплиналар боюнча практикалык сабактарды өтүү;

— айрым филологиялык дисциплиналар боюнча   окуу-методикалык материалдарды даярдоо;

— методикалык колдонмолорду даярдоо жана кесипке багыт берүүчү иштерди уюштуруу.

в) колдонмо ишмердүүлүк:

— Иш кагаздарынын бардык типтерин түзүү, редакциялоо, реферирлөө жана системалоо, мамлекеттик башкаруу, билим берүү жана маданият, федерациялардын өкүлчүлүктөрүнүн башкаруу органдарынын субъектилеринде референт жана пресс-катчы сыпатында демилгелүү квалификациялуу иш алып баруу;

— тексттердин түрдүү типтерин квалификациялуу трансформациялоо (стилин, жанрын, тексттин максаттык ыйгарымдуулугун ж.б.), анын ичинде транформацияланган тексттин базасында жаңы текстти түзүү, публицистикалык тексттерди. Аналитикалык обзорлорду жана эсселерди редакциялоо жана реферирлөө;

— Өз алдынча, эсетикалык жана практикалык баалуулуктагы сөздүк конструкттарды – иш кагаздарын, рекламалык, үгүт публицистикалык ж.б. тексттерди, маалыматтык компаниялардын сценарийлерин ж.б. продукциялоо;чечендик өнөрдүн ыкмаларын колдонуу менен эл алдында чыгып сүйлөөлөрдү пландаштыруу жана ишке ашыруу;

— тексттик түрдүү типтерин квалификациялуу которуу, анын ичинде көркөм чыгармалардын тексттерин керектүү редактордук жана басмалык түшүндүрмөлөр жана илимий аппарат менен жабдуу аркылуу которуу; эл аралык форумдарды жана сүйлөшүүлөрдү квалификациялуу синхрондук коштоо, чет элдик делегацияларды кабылдоону камсыздоо, чет элдик министрликтин аппараттарындагы, элчиликтердеги, дипломатиялык миссиялардагы, эл аралык уюмдардагы ж.б. котормочулук ишмердүүлүк

г) долбоордук ишмердүүлүк

— филология тармагында билим берүү жараянынын түзүмүн жана мазмунун  долбоорлоо, конструкциялоо, моделдештирүү: билим берүү программаларын, окуу планадарын, окуу курстарынын программаларын иштеп чыгуу жана аларды инновациялык типтеги окуу колдонмолору жана дидактикалык ингструментарийлерди кошуу менен методикалык камсыздоо;

— орто жана жогорку мектептеги профилдик гуманитардык билим берүү менен байланышкан долбоорлорду иштеп чыгуу;

— филологиялык билим берүүнү үгүттөө тармагында долбоорлорду иштеп чыгуу;

— аймактагы кесиптик ишмердүүлүктүн деңгээлинин мониторинги боюнча долбоор түзүү, кептик маданиятты колдоо филологиялык лекторийлерди, майрамдарды, фестивалдарды, бийик маданий мааниге ээ болгон белгилүү даталарга арналган салтанаттуу иш-чараларды долбоорлоо;

— маданият аралык коммуникация чөйрөсүндөгү, улуттар аралык кептик баарлашуу, көп маданияттуу чөйрөдөгү кептик этикет боюнча  долбоорлорду иштеп чыгуу;

— китеп басып чыгаруучулук долбоорлорду иштеп чыгуу;

— эне тилден чет тилине жана чет тилден эне тилине которуу тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу;

— гранттык ишмердүүлүктүн алкагында филологиялык  долбоорлорду иштеп чыгуу;

д) уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердүүлүк:

— окуу сабактарын жана практикаларды, студенттик илимий уюмдун ишмердүүлүгүн, тарбиялык иштерди уюштуруу жана өткөрүү;

—  семинарларды, илимий дисскуцияларды жана конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү;

— түрдүү типтеги тексттерди редакциялоо, таратуу жараянын уюштуруу.