МАГИСТРАТУРА —
профессионалдуулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
“МАГИСТР” — академиялык даражасынын
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
- Магистр мекеме-ишканаларда жогору айлыктуу вакансиялык орунду ээлей алат;
- Окуу графиги магистранттын иштеген иши менен биргеликте жүргүзүлөт;
- Магистр — илимге кызыккан жаштарга илимий изилдөө ишине жол ачат, б.а., аспирантурада, докторантурада олуттуу изилдөөгө түрткү болот;
- Магистр — ЖОЖдо, колледждерде окутуучу болуп иштей алат;
- Кесиптик ишмердүүлүгүнүн чөйрөсү кеңейип, карьералык ийгиликке жетет.
Магистранттын мүмкүнчүлүктөрү:
- Илимий жетекчисин жана илимий темасын өзү тандоо укугуна ээ, өзү кызыккан илимий теманын үстүндө иштей алат;
- Негизги иши менен магистратурадагы окуу процессин бирге алып кете алат;
- Өз алдынча иштөө үчүн бөлүнгөн көлөмдүү убакыт;
- Профессордук-окутуучулук курам менен 100% биргеликте иш алып баруу;
- Суткасына 24 саат бою жеткиликтүү окуу материалы;
Терең билимге жана кесиптик компетенцияга ээ болуу үчүн түзүлгөн шарттар:
- Магистрлерди даярдоо программалары КРнын мамлекеттик жогорку билим берүү стандарттарынын талабына ылайык келет;
- Илимий окуу залы, электрондук китепкана;
- Заманбап жабдылган аудиториялар жана лабораториялар;
- Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана перспективаларды ачуу үчүн мугалимдердин жогорку профессионалдуу жана инновациялык-изденгич мамилелери;
- Кыргызстандын алдыңкы мекеме-ишканаларындагы илимий-практикалар;
- Кыргызстандын чегинде жана тышкары иш-берүүчүлөр менен түзүлгөн келишимдер;
Окуу формасы:
Күндүзгү — күн сайын: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума — 17.00дөн 20.20га чейинБардык багыттар боюнча окуу меенету 2 жыл;Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында сабактардын башталышы.Семестр – 16 жума жана 2 жума сессия; Жылына 2 семестр.
Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнун магистратурасына абитуриенттер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:
• магистратураны көрсөтүү менен КӨЭАУнун ректорунун атына жазылган жеке арыз;• университет менен бакалавриатка тапшыруучунун ортосундагы келишим;• өздүгүн жана жарандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү;• жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсү (бакалавр же адис) тиркемеси менен (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);• корутунду;• каттоо күбөлүгүнүн же аскердик билетинин көчүрмөсү;• 3×4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт.