Экономика багытынын магистрлерди даярдоо программалары боюнча программалык аккредитациядан өтүү үчүн өздүк баалоону жүргүзүүгө карата түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Жыйынды жумушчу топтун төрагасы э.и.к., доцент Шакиев Шайдилла Орунбекович алып барды. Жумушчу топтун мүчөлөрү программалык аккредитациялоонун талабына ылайык түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 24-февралында бекитилген.
Жумушчу топ төмөнкү маселелерди карап чыгып, талкуулады:
1. Жумушчу топтун иш-планы менен таанышуу;
2. Магистрлерди даярдоо боюнча экономика багытынын НБППсын талкуулоо;
2. Программалык аккредитация боюнча стандарттарга жооптууларды бекитүү;
Жыйында каралган маселелер талкууланып, көптөгөн сунуш-пикирлер айтылды.