Юриспруденция

ННББПнын максаттары

530500 – Юриспруденция багыты боюнча магистр  академиялык даражасын ыйгарууга даярдоодо, негизги билим берүү программасын даярдоонун  негизги максаттары  КРнын мыйзамдарына, КР ББМ тарабынан бекитилген мамлекеттик стандарттарга жана КӨЭАУнин негизги билим берүү саясатына ылайык жүргүзүлөт(М)

М  1. Мамлекеттин  укуктук, илимий, экономикалык, социалдык  ѳнүгүшүнѳ, адамдардын укук, эркиндик, кызыкчылыктарын коргоо менен  элдердин достугун, ынтымагын бекемдѳѳгѳ салым кошо турган, коомдогу атаандаштыкка жѳндѳмдүү, максатка умтулган, эмгекчил, жоопкерчиликтүү, коммуникативдүү, толеранттуу  кадрларды окутуп, тарбиялоо;

М  2. Заманбап билим берүү жана маалыматтык технологияларды  колдонуунун негизинде жалпы билим берүүчүлүк, табигый, экономикалык, математикалык жана кесиптик билимдерди окутуунун натыйжасында, алган билимдерин   кесиптик ишмердүүлүгүндѳ колдонуу жѳндѳмдүүлүгүн калыптандыруу;

М 3. Укуктук аң сезимди, укуктук маданиятты, мыйзамды сактоону, укуктук тартипти камсыздоо менен  мамлекеттин укуктук тармактарынын бардык түрлѳрүндѳ эмгектене ала турган, мыйзам чыгарууга катышуу, колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон интеллектуалдуу, компетенттүү жана ата мекенди сүйгөн патриот социалдык-инсандык сапаты жогору кесипкѳй адистерди даярдап чыгаруу;

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик иш чөйрөсү.
  1. Юриспруденция багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдү кесиптик даярдоо чөйрөсү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • укук ченемдерин иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;
  • укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыздоо;
  • укукуктук билим берүү жана тарбиялоо.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердик тармагы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ар кандай уюштуруу-укуктук формадагы уюмдарда:  жалпы юрисдикциялык соттордо, нотариатта, адвакатурада, ички иштер органдарында, прокуратура органдарында, жаза аткаруу органдарында, бажы органдарында, менчиктин түрдүү формасындагы уюмдарда жана ар кандай ишканаларда юрист катары, банктарда ж.б. ишке ашырылат.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектилери:
  1. Юриспруденция багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектилери болуп укуктук ченемдерди ишке ашыруу, укук тартибин жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү коомдук мамилелер эсептелинет.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин түрлөрү:

а)  укук жаратуу;

б)  укук колдонуу;

в)  укук коргоо;

г)  эксперттик-консультация;

д)  уюштуруу-башкаруучулук;

е)  илимий-изилдөөчүлүк;

ж) педагогдук.

Магистрлердин кесиптик ишмердүүлүгүнүн милдеттери

мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндө:

– ченемдик укуктук актыларды даярдоо;

укук колдонуу ишинде:

– кызматтык милдеттеринин чегинде чечимдерди негиздөө жана кабыл алуу, ошондой эле укуктук ченемдерди ишке ашыруу менен байланышкан аракеттерди жасоо;

– юридикалык документтерди түзүү;

укук коргоо ишинде:

– мамлекеттин, коомчулуктун жана инсандын коопсуздугун, укук тартибин, мыйзамдуулукту камсыз кылуу;

– коомдук тартипти сактоо;

– мамлекеттик, муниципалдык,  жеке  жана  башка  менчиктин  түрлөрүн  коргоо;

– укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, табуу, бетин ачуу жана тергөөнү жүргүзүү;

– жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо;

эксперттик-консультациялык ишинде:

– юридикалык жардам көрсөтүү, укук маселелери боюнча консультация берүү;;

– ченемдик укуктук актыларга укуктук экспертиза жүргүзүү;

уюштуруу-башкаруу ишинде:

– уюштуруу-башкаруу функцияларын жүзөгө ашыруу;

илимий-изилдөө иштери:

– укуктук маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

– өзүнүн кесиптик ишинин профилине ылайык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышуу;

педагогикалык ишинде:

– юридикалык сабактарды окутуу;

– укуктук тарбия берүүнү ишке ашыруу;

Магистрдик диссертация жазуу