Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистратура бөлүмү жана юридика-бажы факультети тарабынан 2022-жыл – “Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” жана 5-май-Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун сактоодо Кыргыз Республикасынын Конституциялык кепилдиги” аталышындагы магистрант, аспирант-изденүүчүлөргө арналган аймактык илимий-практикалык конференция жогорку деңгээлде уштурулуп, магистранттар активдүү катышып беришти. Эң мыкты баяндама жасаган магистранттар I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Кээ бир магистранттар үчүн албетте аталган конференция илимий изилдөө иши боюнча алгачкы дебют болду, андыктан конференцияга келген коноктор да, катышуучулар да абдан кызыгуу менен катышышты.